Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Өнүктүрүү банкы жөнүндө мыйзамга кол коюлду


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Өнүктүрүү мамлекеттик банкы тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеште 29-июнда кабыл алынган.

Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев аталган банк Кыргызстандагы улуттук, ири долбоорлорду гана каржылай турганын “Азаттыкка” билдирген. Банк Улуттук банктын көзөмөлүндө болот жана Жогорку Кеңешке жыл сайын отчет берип турат.

Өкмөттүн Өнүктүрүү банк түзүү демилгесин айрым ишкерлер ачыктык болбой калышы ыктымал деп сындап жаткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG