Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:13

Энергетикалык келишимге сентябрда кол коюлат


Бүгүн Ысык-Көлдө Чолпон-Ата шаарында кыргыз-орус өкмөттөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, анда тараптар энергетика, карыздар жана аскердик кызматтыштык маселелери боюнча макулдашты. Ага ылайык, Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскады боюнча келишимге 15-сентябрга чейин кол коюлары айтылды. Каскаддын пайдубалын түптөө ушул жылдын 1-ноябрында өтөт. Жолугушууда тараптар Бишкек жылуулук борборун оңдоо долбоорун ишке ашырууну макулдашты.

Орус тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн орус инвесторлорунун үлүшүн 75 пайызга көтөрүүнү талап кылган. Кыргыз тарап буга көнгөн эмес. (EBM)
XS
SM
MD
LG