Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Британия Жулиан Ассанждын Эквадорго чыгып кетүүсүнө жол бербейт


Түндүк Американын Эквадор мамлекетинен саясий башпаанек алып, учурда бул өлкөнүн Лондондогу элчилигинде жашынып жаткан WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Британиядан ээн-эркин чыгарылбайт.

Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Австралиянын жараны Ассанжды Швецияга өткөрүп берүү үчүн Лондон өзүнө алган эл аралык милдеттемелерин аткарат деп билдирди. Министр полиция Эквадордун Лондондогу элчилигин курчоого алат деген кептерди жокко чыгарды.

Чуулгандуу WikiLeaks сайтынын ээси, Швецияда сексуалдык ыдык көрсөткөн деген негизде айыпка жыгылган Ассанж Эквадордон саясий башпаанек алганын бул өлкөнүн тышкы иштер министри Рикардо Патинья билдирген.

XS
SM
MD
LG