Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Орусия сотунун өкүмү эл аралык сынга кабылды


Эл аралык Мунапыс уюму Вашингтондо, Орусиянын элчилиги астында өткөргөн акция. 17-август, 2012-жыл.
Эл аралык Мунапыс уюму Вашингтондо, Орусиянын элчилиги астында өткөргөн акция. 17-август, 2012-жыл.
Орусия сотунун Pussy Riot тобунун ырчыларына чыгарган өкүмү эл аралык коомчулуктун сынына кабылды. АКШ Мамлекеттик департаменти Орусияны өкүмдү кайра кароого чакырса, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон аны аша-чаап кетүү, ЕККУ жана Эл аралык Мунапыс уюму ой-пикир билдирүү эркиндигине сокку ургандык катары баалап, Германия өкмөтү өкүм оор болуп калганын белгиледи.

Кечээ кечке жуук Москванын Хамовническ райондук соту үч ырчы: Мария Алёхина, Надежда Толоконникова жана Екатерина Самуцевичтин ар бирин жалпы режимдеги колонияга эки жылдан кескен.

Pussy Riot тобунун бул үч мүчөсүн сот Москвадагы борбордук чиркөөдө ырдаган учурунда: “диний жана кайсыл бир социалдык топту жек көрүүчүлүк жүйөөсү менен бейбаштык кылып, коомдук тартипти одоно бузушканы” үчүн айыптуу деп тапты.

Бирок үч ырчы кыздын жактоочулары жана орус оппозициясы сот чечиминин саясий жүйөөсү бар деп ырасташууда. Оппозиция лидерлеринин бири Алексей Навальный мындай дейт:

- Бул өкүм конкреттүү түрдө Владимир Путин тарабынан жазылган. Мында эч шек жок. Ал бул адамдарды жазалады. Ал эч кандай коркунуч туудурбаган адамдарды көз көрүнөө жазалады.

Мурдараак прокурорлор сотто айыпкерлерди үч жылдан абакка кесүүнү суранган.

Ырчылар болсо соттогу көрсөтмөлөрүндө динзарларга шек келтирүүнү көздөбөгөнүн, алар 21-февралда чиркөөдө өткөргөн акция Владимир Путиндин президенттик кызматка кайра баруу чечимине нааразылык билдирүү болгонун айтышкан эле.

Pussy Riot тобунун абактагы мүчөлөрүн Мадонна өңдүү белгилүү поп жылдыздар да коргоп чыгышкан.

Эл аралык Мунапыс уюму үч ырчыны абийир туткундары деп атоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG