Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


18-августтан 22-августка чейин абанын температурасы жогорулап, кар жана мөңгүнүн бат эришине байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, деп билдиришет синоптиктер.

19-августта жаан жаабайт. Ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жеткен шамалдын багыты өзгөрүп турат.

Аба ырайы

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +33...+38;
Талас облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +30...+35;
Баткен облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...+37;
Ош жана Жалад-Абад облусундарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +33...+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн +1...+5, күндүз +26...+31;
Тоолордо түнкүсүн 0...+5, күндүз +14...+19.

Бишкек шаарында 19-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетип, багыты өзгөрүп тарат. Абанын түнкү температурасы +17…+19 даража жылуу, күндүзү +36…+38 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун темперутурасы 17-августта күндүз 23 градус, 18-августта эртең менен 21 градус жылуу болду. (AKu)

XS
SM
MD
LG