Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Беларус активисттери Жаныш Бакиев боюнча кайрылуу жасайт


Беларус активисттери аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине эл аралык издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча кайрылуу даярдап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү “”Чындыкты айт” (“Говори правду”) коомдук уюмунун мүчөсү Михаил Пашкевич “Азаттыкка” билдирди.

Пашкевич Жаныш Бакиевди 17-августта Минск шаарынын борборундагы “Грюньвалд” деп аталган жайкы кафеден кокусунан көрүп калып, уюкфонуна сүрөткө тартып алган. Интерполдун Интернеттеги сайтына атайын кирип, Жаныш Бакиев эл аралык издөөдө жүргөнүн тастыктаган. Анын айтымында, Белорус күч органдары Интерпол аркылуу буга чейин эл аралык издөөдө жүргөн жарандарын кайтарып алып жүргөн. Эми ушул жол аркылуу Жаныш Бакиевди өз өлкөсүнө өткөрүп бериши керек.

Жаныш Бакиевге апрель окуяларынан кийин эл аралык издөө жарыяланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG