Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Иран оппозициясынын лидери кайрадан үй абагында


Иран оппозициясынын лидери Мирхоссейн Мусави ооруканадан чыгарылып, кайрадан үй абагына алынды.

Ал үй абагында 2011-жылдан бери отурат. Мусави, анын жубайы Захра Пахнавард жана дагы бир оппозиционер Мехди Карруби "араб жазын" колдогон акция өткөргөндөн кийин үй абагына алынган болчу.

Иран бийлиги оппозициянын эки лидерин тең "2009-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалаган жана адам укугун бузган" деп айыптоодо. (AKu)

XS
SM
MD
LG