Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:01

Июнь окуясында жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүлдү


Июнь окуясында талап-тоноого кабылган тигүүчү айымдарга «Кылым шамы» уюмунун демилгеси менен тигүүчү машиналар берилди. Жалпы суммасы 4150 долларды түзгөн 30 даана тигүү машинасы Оштогу Фуркат, Мады айылдарындагы тигүүчү айымдарга бүгүн тапшырылды.

Уюмдун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулова “Азаттыкка” билдиргендей, каражат орусиялык укук коргоочулар жана Кыргызстандын диний лидерлеринин кеңеши тарабынан топтолгон. Фуркат жана Мады айылдарында тигүү машиналарын алган айымдар мындан ары андан пайда табуу максатында үй шартында цех иштетмей болушту. Ишкердикти баштоо үчүн уюм тарабынан 7 миң сомдон акча берилди. Тигүүчүлөр цехте аткарылган жумуштар боюнча үч ай сайын отчет беришет. (SE)

XS
SM
MD
LG