Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Казан шаарында эки аял өлтүрүлдү


Орусиянын тергөө комитетинин билдиришинче, улгайып калган аял менен анын кызынын бычакталган денеси шаршемби күнү Казандагы батирлердин биринде табылды. Маалыматтарга караганда, алар бир нече күн мурда өлтүрүлгөн. Үйдүн дубалында кан менен англис тилинде “Пусси Райотко эркиндик” деген сөз жазылган.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды. Соттолгон “Пусси Райот” тобунун мүчөлөрүнүн адвокаты окуяны провокация деп атап, аялдарды өлтүргөн кылмышкерлер табылып, жазасын аларына үмүттөнөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG