Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

"Ар-намыс" Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдоду


“Ар-намыс” фракциясы Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөт башчылыкка талапкерлигин колдоду. Мындай чечим 30-августта өткөн фракциянын отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ар-намыс” фракциясынан депутат Токон Мамытов билдирди.

- Социал-демократтар фракциясы сунуштаган Жантөрө Сатыбалдиевдин премьерликке талапкерлигин 2 сааттай талкуулап отуруп көпчүлүк добуш менен колдодук.

“Ар-намыс” фракциясы коалициялык көпчүлүккө кирерин, анын лидери Феликс Куловдун коалициялык көпчүлүктү жетектөөсү сунушталып жаткандыгын Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга чейин айткан.

Президент Алмазбек Атамбаев парламенттик коалицияны түзүүнү Социал-демократтар фракциясына тапшырган. (AKu)

XS
SM
MD
LG