Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Тегеран саммити Ирандын өзөктүк энергияга болгон укугун колдоду


Тегерандагы саммиттин катышуучулары.
Тегерандагы саммиттин катышуучулары.
Мындай колдоо эч бир блокко кирбеген же Бейтараптар кыймылындагы мамлекеттердин Тегерандагы саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган декларацияда айтылат.

Мунун алдында Улуттар уюмунун Атом энергетикасы боюнча агенттиги – МАГАТЭ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жаңы баяндамасын чыгарып, анда Тегеранды өзөктүк программага тиешелүү жардыруулар жасалган Парчин аскерий комплексине киргизбей жатканы үчүн айыптаган.

Баяндамада ошондой эле Иран дагы бир өзөктүк жайы – Фордо комплексинде уран байытууда колдонулуучу жабуу – центрифугалардын санын эки эсеге көбөйтүп, 2140ка жеткиргени айтылган. Ирандын ырастоосунда ал уранды 20% байытууда, ал эми өзөктүк курал жасоодо 90% байытылган уран колдонулат. (UE)

XS
SM
MD
LG