Сирия оппозициясы Алеппо провинциясындагы адаватчылардын колундагы ал-Баб шаарына бүгүн абадан урулган соккудан 18 киши курман болгонун билдирди. Сириядагы адам укуктарына көзөмөл кылчу уюмдун кабарлашынча, набыт болгондордун арасында аялдар жана балдар да бар. Өлгөндөр жөнүндөгү маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташа элек.
Сириядагы адам укуктарына көзөмөл кылчу уюмдун эсебинче, Сирияда 17 айдан бери жүрүп жаткан куралдуу коогалаңда 26 миң адам өлгөн. Ал эми БУУнун балдар фонду - ЮНИСЕФтин маалымдашынча, өткөн катаал аптадагы кагылыштарда кеминде 1600 адам жайран болду.