Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Билл Клинтон Обаманы колдоп сүйлөдү


Түндүк Каролинанын Шарлотт шаарында өтүп жаткан Демократиялык партиянын съездинде экс-президент Билл Клинтон Барак Обаманын саясатын колдой тургандыгын билдирди. Ал Барак Обаманы XXI кылымга төп келген америкалык жаңы кыял кандай болоорун жана аны кантип ишке ашыруу керектигин билерин
айтты. Клинтон финансылык кыйынчылыкка туш болгон миллиондогон америкалыктарды шайлоодо Барак Обаманы колдоого чакырды. Ал республикачылардын ажырым салчу чакырыктарын сындап, өлкө туш болгон экономикалык кризистин тамыры Республикачылар партиясынын финансылык саясатынын жыйынтыгында экендигин белгиледи. Бүгүн Барак Обама өзү сөз сүйлөйт. 6-сентябрда өтчү шайлоодо Массачусетстин мурунку губернатору Митт Ромни анын атаандашы болуп жарышка чыгат. Акыркы сурамжылоолорго караганда, Обама атаандашынан бир аз гана айырма менен алдыда баратат.

XS
SM
MD
LG