Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Ошто 5 стационардык тосмо пайдаланууга берилди


Ош шаарында июнь окуясы учурунда өрттөлүп кеткен милициянын 5 стационардык күзөт жайы бүгүн пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Жаңыланган стационардык тосмону оңдоп-түзөө үчүн ЕККУ 12 миң евро өлчөмүндө каржылык көмөк көрсөткөн. Бардык тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган тосмолор бүгүндөн тарта 24 саат иштей баштайт. (SE)

XS
SM
MD
LG