Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында окуган Кыргызстандын алты жараны мушташтан жабыр тарткандыгын "Интерфакс" агенттиги Орусиянын укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыкты. Бул маалыматты "Азаттыкка" Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да тастыктады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Федералдык коопсуздук кызматында окуган жарандары катышкан мушташ 4-сентябрда аталган академиянын жатаканасы жайгашкан Москванын Хавск көчөсүндө болгон.
Мушташта кыргызстандык он тогуз жаштагы эки курсант бычак жегендиктен оор абалда оорукананын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Мээси чайкалып, денеси көгала болуп, жараат алган жыйырма жаштагы калган төрт курсант алгачкы медициналык жардамды алган соң, ооруканадан чыгып кетишкен. Учурда полиция бул окуянын чоо-жайын териштирип, мушташтын себептерин иликтөөдө.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурлан Токталиев учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыктан мушташ эмнеден чыккандыгы жана анын катышуучулары тууралуу маалымат такталып жатканын кошумчалады. (КЕ/KJ)