Шаар мэри Иса Өмуркулов мындай сунушту архитектура жана көрктөндүрүү боюнча башка адистер менен жолугушууда айтты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда Иса Өмүркулов “шаарды ар тараптан көрктөндүрүү үчүн интеллигенцияга мурда эле кайрылышыбыз керек болчу” деген оюн билдирди. Түзүлө турган кеңеш чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнөн туруп, мэрия менен кеңешип иш алып барышат. Ошондой эле шаар тургундарынын да пикирин укканга ачык болот.
“Алгачкы жолугушууда эле архитекторлор өз долбоорун сунуштады” деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. (AKu)