Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Лондондо Паралимпиада оюндары аяктады


Жекшембинин түнүндө Британ баш калаасында Паралимпиада оюндарынын жабылыш салтанаты өттү. “Фестивал жарыктары” деген оюн-зоокко майып спортчулар менен бирге 80 миңге жакын көрүүчү күбө болушту.

Эл аралык паралимпиада комитетинин президенти Филипп Крейвен олимпиада туусун 2016-жылы оюндар өтө турган Рио-де Жанейронун мэри Эдуардо Паэзга тапшырып, паралимпиаданы жабык деп жарыялады.

14-ирет өткөн бул оюндарга 166 өлкөдөн 4 миңден ашуун майып спортчу катышты. Медалдардын саны боюнча биринчи орунда Кытай, экинчиде Орусия жана үчүнчү орунга Улуу Британиянын спортчулары ээ болушту.

Кыргызстандан эл аралык спорт чебери Эсен Калиев 52 килограмм салмакта чалкасынан жатып оордук көтөрүү боюнча катышып, 10 орунду ээлеген

XS
SM
MD
LG