Жекшембиде өлкөнүн 13 шаарындагы жардыруулар Ирак соту мурдагы вице-президент Тарик-ал Хашемиге өлүм жазасын чегергенден кийин чыкты. Борбор шаар Багдадда эле шийит мусулмандар жашаган алты кварталда атайын коюлган бомбалар жарылды.
Ирактагы суниттердин кадырлуу саясатчысы ал-Хашеми өткөн жылдын аягында айыпталып, аны камоо чечими чыккан соң өлкөдөн качып кеткен. Ал азыр Түркияда баш калкалоодо.
Шийит мусулмандар башкарган азыркы өкмөт ал-Хашемини 2006-жылдан 2011-жылга чейин вице-президенттик кызматты ээлеп турганда теракттарды уюштурган жана Багдад сотунун кызматкерлеринин өлүмүнө катышы бар деп айыптап жатат.
Тагылган бардык күнөөлөрдү четке каккан ал-Хашеми муну өкмөттүн суниттерге жасаган басымы катары баалап келет.