Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

АКШ Мамдепартаменти Кыргызстанда жаңы өкмөт куралганына куттук айтты


АКШ мамлекеттик департаменти жиберген куттуктоодо “Кыргызстанда жаңы коалициялык өкмөттүн куралышы өлкөдө демократиялык инстуттардын бекемделгенин тастыктайт” деп жазылган. Ошондой эле Мамдепартамент жаңы өкмөт менен кыргыз-америка кызматташуусун мындан ары да бекемдөө үчүн тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирген. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Кеңеште үч фракциядан түзүлгөн “Ырыс алды ынтымак” коалициясы жаңы өкмөт курап, 5-сентябрь күнү Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп шайланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG