Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Кыргыз мигрантынын сөөгү Прагада жерге берилди


Алтымыш жаштагы Рахманжан Таштемировду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн Чехиядагы кыргыз диаспорасы уюштурду. Диаспоранын өкүлдөрүнүн бири Жумакан Кыдыралиеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, маркумдун сөөгүн Прагада жерге берүү чечими анын кызы менен акылдашылган соң кабыл алынды.

Кыдырбаеванын айтымында, Рахманжан Таштемиров чех полициясы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгына караганда, Прагада, жашаган батиринде газдын изине ууланып каза тапкан.

Ал - Чехиядагы кыргызстандыктардын эң аксакалы эле. Бул өлкөдө эмгек мигранты катары 2003-жылдан бери иштеп жүргөн. Чехияга келгенге чейин Бишкектеги кесиптик-техникалык окуу жайлардын биринде сабак берчү. Өзү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан болот. (UE)

XS
SM
MD
LG