Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Стамбулда жанкечтинин жардыруусунан бир полиция кызматкери мерт болду


Жанкечти полиция бекетинин сыртында жасаган жардыруудан бир полиция кызматкери набыт болгондон тышкары жети киши жараат алган.

Шаардын полиция башчысы Хусеин Чапкындын кабарчыларга айтканына караганда, жанкечти адегенде полиция бекетине граната ыргытып, артынан өзүн жардырган. Окуя Стамбулдун Европа бөлүгүндө, Султангазы районунда болду.

Жардыруу үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Полиция да анын себебин божомолдоодон баш тартууда.

Буга чейин Стамбулдагы ушундай кол салууларды күрд согушкерлери, ашынган солчулдар, исламчыл радикалдар жасап келген. (UE)

XS
SM
MD
LG