Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Бекназаров судьялыкка талапкерлерди тандоону убактылуу токтотууну сунуштады


Бекназаров Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерди тандоону убактылуу токтотууну сунуштоодо. Буга байланыштуу билдирүүнү коомдук ишмер жана саясатчы Азимбек Бекназаров президент Алмазбек Атамбаевге жолдоду. Билдирүүдө Конституциянын талаптары башка мыйзамдар менен бурмаланып жаткандыгы белгиленет. Бекназаровдун “Азаттыкка” айтымында, Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлер үчүн “беш жылдык судьялык иш стажы болуш керек” деген Конституцияда жок кошумча талап киргизген.

Ал мындан сырткары Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлер Конституцияда жок “мамлекеттик жана расмий тилди билген” деген кошумча талап киргизилгенин белгилеп жатат. Ушул эле учурда Конституциялык палатанын мындан мурда шайланган эки судьясы эки тилди билер, билбеси аныкталбай, квалификациялык тесттен өтпөй шайланып калагын билдирди. Бекназаров ушул жана башка дагы мыйзамдык карама-каршылыктарды тактаганга чейин Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерди тандоону убактылуу токтотууну сунуштоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG