Талиптердин чабуулунан 2 америкалык аскер өлүп, дагы бир нече киши жараат алды. Хелманд провинциясындагы Camp Bastion базасында болгон атышууда 16 талип да өлтүрүлгөнү кабарланды. Британ ханзаадасы Гарри да ушул күндөрү аталган базада төрт айлык машыгуудан өтүп жаткан, бирок чабуул учурунда ал окуя болгон жерден алыста турганы, жабыр тартпаганы айтылды. Бул чабуулду талиптер “Мухаммед пайгамбарды маскаралаган тасмага жооп” деп аташты.