Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Ооганстанда антиамерикалык маанайдагы акция уланды


Америкалык продюсер тарабынан тартылган “Күнөөсүз мусулмандар” тасмасына нааразы болгон жүздөгөн тургундар бүгүн да Кабулда демонстрацияга чыгышты. Алар АКШга каршы ураандарды чакырышып, автоунаанын дөңгөлөктөрүн өрттөштү. Кабул полициясынын башчысы Мохаммед Саланги демонстранттар полицияга карай ок чыгарышканын, бирок полиция жаңжалдын алдын алып ок кайтарбаганын билдирди. Салангинин айтымында, 40 полиция жеңил жарат алды.

Бир катар мусулман өлкөлөрүндө “Күнөөсүз мусулмандар” деп аталган тасма жарык көргөндөн кийин анда Мухаммед пайгамбар мазакталды деп нааразылык акциясы тутанып, 17 киши, анын ичинде АКШнын Ливиядагы элчиси да набыт болду.

XS
SM
MD
LG