Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

БУУ: Сирияда экстремисттик топтор жана жихадчылар жанданды


Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча чабарманы Пауло Сержио Пинейро Сириядагы башаламан кырдаалдан пайдаланган чет элдик экстремисттик топтор жана жихадчылар ишин күчөткөнүн айтты. Алардын айрымдары сириялык оппозициянын катарына кошулуп, өздөрүнүн идеологиясы менен сугарып жатат деп кошумчалады Пинейро. Анын Сириядагы адам укугу боюнча жасаган докладында соңку айларда козголоңчуларга караганда өкмөттүк күчтөр аскерий кылмыштарды көбүрөөк жасаганы айтылат. Бүгүн адам укугун коргоочу Human Rights Watch уюму жарыялаган баяндамада сириялык оппозиция Идлиб, Алеппо жана Латаки шаарларындагы түрмөлөрдө Башар Асадчыл адамдарды кыйнап, соттун өкүмүсүз эле жазалап жатышканы белгиленди.

Ал ортодо бүгүн Египеттин борбору Каирде Ирандын, Сауд Арабия, Египет жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Сириядагы кырдаалды талкуулаганы чогулушат. Сириялык активисттердин айтымында, 18 ай мурун башталган жаңжалдан бери өлгөндөрдүн саны 23 миңге жетти.

XS
SM
MD
LG