Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда сел жүрдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, өткөн түнү Тору-Айгыр айыл аймагына караштуу Сары-Камыш айылында сел жүрдү. Селдин кесепеттерин жоюга ӨКМ тарабынан 1 даана жүктөгүч жана 1 даана КамАЗ тартылган. Сел болгон жерде Ысык-Көл райондук жарандык коргоо комиссиясы иштеп жатат. Көлдөгү кабарчыбыздын айтымында, кечээ айрым райондордо катуу жаан жааган. (RK)