Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Каржы министрлигине Кеминдеги кургак учукка каршы бейтапканага бюджеттен 4 млн. сом кароону тапшырды. Аталган оорукана толугу менен оңдолуп чыгыш керек. Ошондой эле Чүйдөгү аймактык оорукананы оңдоого да 5 млн. сом зарыл. Ага каражатты милдеттүү түрдө камсыздандыруу фонду карамак болду. Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын айтымында, аталган эки оорукана бир да жолу толук оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
Мындай маалыматтар өкмөт башчынын 22-сентябрда Чүй облусуна болгон иш сапарында айтылды. (AKu)
Мындай маалыматтар өкмөт башчынын 22-сентябрда Чүй облусуна болгон иш сапарында айтылды. (AKu)