Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Чечекке каршы вакцина Сузактан башка жерден табылган жок


Сузак районунда койлордун жапырт өлүмүнө алып келген чечекке каршы белгисиз вакцина Ош жана Жалал-Абад облустарынын башка аймактарында табылган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков билдирип, аймактагы дээрлик бардык ветеринардык дарыканалар текшерүүдөн өткөнүн белгиледи. Ушул тапта чечекке каршы Өзбекстандан алынып келгени айтылган вакцина Москвага текшерүүгө жөнөтүлгөнү жатат.

Соңку маалыматка ылайык, Жалал-Абаддын Сузак районунда чечекке каршы эмдөөдөн өткөн 1837 кой өлдү. Алардын бир жарым миңге чукулу өрттөлүп, көмүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG