Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Бишкектеги Ош базарында өрт чыкты


Ушул тапта Ош базарынын аймагындагы үч кабаттуу имараттын чатыры күйүп жатат. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова “Азаттыкка” тастыктады. Алдын ала маалыматтар боюнча, имараттын өрт чалган бөлүгү 160 чарчы метр деп бааланууда. Кырсык тууралуу маалымат саат алтыда келип түшкөн. Азыр өрттү өчүрүү үчүн 7 топ иштеп жатат. Жабырлануучулар жана материалдык чыгымдар тууралуу маалымат бериле элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG