Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Эл эмнеге кенди инвесторго бергиси келбейт?


Кыргыз өкмөтү калктын инвесторлорго каршы маанайы тоо-кен тармагына эле эмес, экономикага коркунуч келтирип жатат деп тынчсызданууда.

Буга себеп болгон жагдайлар кайсылар? Бул маселе “Арай көз чарайда" талкууланды. Ага тоо-кен тармагы боюнча адис Дүйшөнбек Камчыбеков, Кыргызстан жаштар кеңешинин төрага орун басары Жеңиш Молдокматов катышты.

“Азаттык”: Угармандарга маалым, тоо кен тармагынын талылуу маселелери кайрадан күн тартибине чыкты. Кечээ (25-сентябрда) өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда кеңейтилген жыйын өтүп, анда талылуу маселелердин негизгилеринин бири – жер-жерлердеги инвесторлорго каршы жаңжалдарды токтотуу максаттары болду окшойт. Буга быйыл күзгө чейин катталган фактылар таасир этти көрүнөт.

Азыр жазга салыштырмалуу жагдай туруктуу экенин, бирок инвесторлор дале кооптонуп турушканын биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев талкуу башталар алдында “Азаттыктын” суроолоруна телефон аркылуу жооп берип жатып айтты эле. Алды менен ошону угуп алалы:

Жоомарт Оторбаев: "Өтө чоң проблема жок. Эгер жазгы кырдаал менен азыркыны салыштырсак кырдаал таптакыр башкача. Эч кандай кылмыш, чатак маселелери чыккан жери жок. Бирок бардык инвесторлор жергиликтүү коомчулук кайра коркутуп баштайбы деп коркуп атышат. Ошон үчүн кечээ премьер-министр губернатор, аким, прокуратура кызматкерлерине түз эле айтты: жергиликтүү тоо-кен маселелерин көзөмөлдөсүн деп. Алар жоопкерчиликти алышы керек. Жергиликтүү бийлик элге түшүндүргөн жери жок. Ошондуктан эл дагы эле бийлик лицензияларды коррупциялык жолдор аркылуу берип атат деп ойлоп атат..."
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Дүйшөнбек Камчыбеков: Туура, чындыгында акыркы эки жылдын ичинде тоо-кен тармагы боюнча бийлик, инвестор жана жергиликтүү калк ортосунда келишпестик пайда боло баштады. Бүгүн андай келишпестиктер Нарын, Чаткал эле эмес, бүгүн Чүй жергесине чейин жетти.

Азыр Кытай инвесторлор эле эмес, англиялык инвесторлорго да жергиликтүү эл доомат коюуда. Жоомарт Оторбаев айтып атат инвесторлор жергиликтүү эл менен сөзсүз жолугушу керек деп. Эми бул маселени чечүүнүн жолдору бар. Ага жакшы иштетилген мыйзам болуш керек. Анда инвестор эл менен кантип иштеш керектиги так көрсөтүлүшү керек. Аткарылбай атса, анда ошол акимдерби, өкмөттүн облустагы өкүлүбү, ошого жараша иштеши керек. Бул маселе чечиле элек.

Жакында ишке “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзам кирди. Бирок өкмөт инвесторлор өздөрү көтөрүп аткан социалдык пакетти ким аткарып берсе, ошого конкурс түрүндө лицензия беребиз десе жергиликтүү эл ишенип, иштейт эле. Азыр андай болгон жери жок. Бир мекеме-геология агенттиги өзү аукцион өткөрөт. Ал кандай шартта өткөрүп атат? Алып чыгып аткан кендер далилденгенби, изилденгенби – ал боюнча да катачылыктар бар.

Жеңиш Молдокматов: Чынында эле жергиликтүү эл кен байлыктарына байланышкан мамлекеттик саясатка ишенбейт. Себеби акыркы жыйырма жылда мыйзам аткарылбагандыктан, бюджетке он миллиард чыгым келтирилген. Мамлекет эл менен эсептешпей, кен байлыктарды каалашынча саткан.

Инвесторлордун экологиялык бузууларга тушуктурган аракеттери да элди кыжалат кылат экен. Өкмөт башчынын орун басары айтып атпайбы, инвесторлор эл менен жолугушуусу керек деп. Ал жерде эл менен жолугушпайт, ал жерге болгону айыл өкмөт башчысы менен айыл кеңештин депутаты келет экен. Мыйзамдар да аткарылбайт, көзөмөл да жок. Өкмөт башчынын орун басары айтып атат прокурорлор менен губернаторлор жооптуу болуш керек деп атпайбы. Жок, министрлер, өкмөт башчылар жооптуу болуш керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG