Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Казакстан чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн Орусиянын жети жаранын кармады


Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, Орусиянын Каспий деңизинде чек араны кайык менен мыйзамсыз кесип өткөн жети жаранын казак чек арачыларынын тик учагы токтоткон.

Алар качууга аракеттенгенде казак чек арачылары тарабынан кайыктын моторуна ок атылып, орусиялыктардын экөө жаракат алган соң ооруканага жеткирилген.

Окуянын башка чоо-жайы белгисиз. Казак бийликтери учурда орус жарандарынын деңиздеги чек араны мыйзамсыз кесип өтүүсү боюнча кылмыш ишин ачуу маселесин караштырууда. (UE)

XS
SM
MD
LG