Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайындагы оңдоп-түзөө иштери аяктады. Оңдоого көмөктөшкөн Швецариянын Кыргызстан менен кызматташуу бюросунун маалыматына ылайык, убактылуу абактын санитардык абалына көңүл бурулуп, канализация жана желдетүү тармагы калыбына келтирилди. Оңдоп-түзөө иштерине 2 миллион сом сарпталды. Бул убактылуу кармоочу жай бир канча жылдан бери оңдоого муктаж болуп келген. (SJ/KKs)