Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Бүгүн карылардын эл аралык күнү


Буга байланыштуу бүгүн “ЭйджНет Интернешнл” уюму Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” акциясынын алкагында карылардын колунан жасалган буюмдардын жарманкесин уюштурууда. Жарманкеге Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облусунда жашаган карылар жасаган буюмдар коюлуп, өнөрпоз карылардын концерти менен коштолот. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” маалымдашынча, иш-чара карыларга коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн буруу жана пенсионерлерге кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүк берүү максатында уюштурулууда. Жарманке Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында өтөт, ал жерде карыларга жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын үкөк орнотулмакчы.

“Жүрөктөн жүрөккө” акциясы жыл сайын 20-майдан 1-октябрга чейин өтөт.
Ал эми Кыргызстандын Социалдык өнүктүрүү министрлиги бир катар эл аралык уюмдар менен бирге «21-кылымдагы карылык: ийгилик жана чакырык» деген аталышта тегерек стол өткөрөт.

Акыркы убактарда Кыргызстанда багар-көрөрү жок карыялардын саны көбөйүп баратканы айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG