Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:33

БУУнун баш катчысы Сирия өкмөтүн сындады


Дүйшөмбүдө Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сириянын өкмөтүн адам өлтүрүүлөр, укуктарды орой бузуу жана куралдуу чабуулдарды токтото албай жатканы үчүн сындады. Баш катчынын расмий өкүлү билдиргендей, кечээ БУУнун Башкы ассамблеясынын талкууларынан сырт Пан Ги Мун Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Моуалем менен сүйлөшкөн учурда 18 айдан бери атышуулар токтобой, абал мурдагыдан бетер курчуп баратканына зээни кейип турганын билдирген.

Башкы ассамблеянын жыйынында дүйшөмбүдө Моуалем сүйлөп, АКШны, Францияны, Катарды, Сауд Арабияны жана Түркияны Сирияда козголоңчулар колдогон “терроризмге” жардам берип жатышат деп айыптаган. Ал-Моуалем бул өлкөдө тынчтык качан гана ушул мамлекеттер оппозицияны курал жана акча менен колдогонун токтотсо орнойт деди. Ал ошондой эле, президент Башар ал-Асадды кызматтан кетүүгө чакыруу “Сириянын ички ишине кийлигишүү” катары таанылаарын айтты.

XS
SM
MD
LG