Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кумтөр маселеси боюнча митингге келгендер көбөйүүдө. Ушу тапта, уюштуруучулардын айтымында, бир миңдей киши чогулуп калды. Милиция менен көз каранды эмес байкоочулардын баамында, нааразылык акциясынын катышуучулары 600-700дөй киши. Митинг саат 12ден кийин, Жогорку Кеңештин депутаттары түшкү танаписке чыкканда башталаары айтылууда.
3-октябра Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча ири акция өтөөрүн Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров жарыялаган. Буга чейин ал Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгарып, кенди иштетүүнү толугу бойдон мамлекеттин карамагына алуу демилгеси менен парламентке чыккан, бирок колдоо тапкан эмес. (BkA/RK)