Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Орусия президенти Владимир Путин Тажикстанга келди


Орусиянын жана Тажикстандын мамлекет башчылары бүгүн эки өлкө ортосундагы карым-катнаш, соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташуу маселелерин талкуулашары кабарланды. Байкоочулар болсо жолугушууда Орусиянын Тажикстандагы 201-аскер базасынын тагдыры чечилерин божомолдошууда. Аталган аскер базасынын Тажикстандагы мөөнөтү 2014-жылы бүтөт, бирок Орусия базаны дагы 49 жылга калтырууну каалары айтылууда. Буга чейин Орусия база үчүн ижара акысын төлөбөй келген. Тажик тарап орустар аскер базасынын ижара акысы үчүн жылына 250 млн доллар төлөшү керектигин билдирген эле.

Тажикстандагы 201-аскер базасы Орусиянын чет өлкөдөгү эң чоң аскердик базасы болуп эсептелет, анда 7000 чамалуу аскер бар.

XS
SM
MD
LG