Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

АКШ компаниялары Кытай фирмалары менен ылгап иштешет


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Чалгындоо иштери боюнча комитети америкалык компанияларды Кытайдын негизги эки технологиялык фирмасы менен иштегенден качканга чакырды. Анткени Huawei Technologies Ltd. жана ZTE корпорациясы Кошмо Штаттардын коопсуздугуна коркунуч туудурат, деп эскертилет комитеттин билдирүүсүндө. Аталган кытайлык фирмалар Кытай өкмөтүнө баалуу маалыматтарды чогултууга көмөктөшөт деп кооптонушат АКШ парламентарийлери. Huawei Technologies өзүн дүйнөдөгү ишенимдүү жана урмат-сыйлуу компания экенин айтып, АКШ тараптын сөзүн четке какты.

АКШ Конгрессинин атайын комитети билдирүү жасагандан мурда Кытайдын тышкы иштер министрлиги кытайлык телекоммуникациялык компаниялар Кошмо Штаттарга салган капитал - эки өлкөнүн кызматташуусу пайдалуу экенин көрсөтөт деп маалымадаган эле.

XS
SM
MD
LG