Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

«Ата-Журт» партиясынын Оштогу митинги уланат


Партиянын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкуловдун билдиришинче, митингде бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган депутаттарды бошотуу талабы коюлат. Мындай митинг Оштун борбордук аянтына кечээ да өтүп, ага миңге чамалаш киши катышкан.

Митинг уюштуруучулардын жүйөөсүндө, “Ата-Журттун” лидерлерине саясий буйрук менен оор беренелердин негизинде айып тагылууда.

3-октябрда Бишкекте Кумтөр ишканасын улутташтыруу боюнча митинг башаламандык менен коштолуп, Ак үйгө чабуул жасалган. Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөндөрдү милиция күчтөп тараткан. Бул окуядан соң Жогорку Кеңеш депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу жана Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо боюнча айып тагылып, УКМК абагына камалган. 5-октябрда сот алардын абактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG