Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Нарын: Чкалов мектебинин 80 жылдыгы белгиленүүдө


Нарын шаарындагы №2 Валерий Чкалов атындагы орто мектептин уюшулгандыгына 80 жыл болду.

Чкалов мектебинде мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Роза Отунбаева, белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер Нарынбек Молдобаев, Аида Салянова, Нариман Түлеев, Ишенбай Кадырбеков, Курмангазы Азыкбаев окуган. Аталган мектеп 1932-жылы ачылып, 1937-жылы учкуч В.Чкаловдун ысымы берилген. 80 жыл аралыгында мектепти 5500дөн ашуун бүтүрүүчү аяктаган.

Мектептин мааракесине арналган салтанат театралдаштырылган оюн-зоок, ыр-бий менен өтүүдө. Алгач иш-чара Нарын облустук драма театрында башталып, анда маарекеге чакырылган чет элдик коноктор, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сөз сүйлөп, мектептин айрым мугалимдерине ардак грамота тапшырылды.

Аталган билим берүү мекемеси 2010-жылдан тартып мектеп-гимназия макамына ээ болуп, учурда 1400 окуучуга 85 мугалим билим тарбия берет. (TSh)

XS
SM
MD
LG