Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

14-октябрь - Орусияда регионалдык шайлоолор күнү


Бүгүн Орусиянын 83 регионунун 77синде төрт миңден ашуун түрдүү деңгээлдердеги жыйындарга жана башка кеңсе башчылыкка шайлоо жүрүүдө. Амур, Брянск, Новгород, Белгород жана Рязань облустарында губернатор шайланат. Бардык беш облуста бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы жеңет деп жоромолдонууда. 2004-жылы президент Путин губернаторлорду элге шайлаттырбай өзү дайындай баштаган болчу. Губернаторлорду элге салып шайлоо былтыр декабрда шайлоо системасын калыс эмес деп, ага каршы башталган массалык демонстрациялардан кийин өзгөртүлдү. Кремлдин бу кадамын оппозиция реформаны иммитациялоо деп сындашты. Владимир Путин марттагы жалпы элдик шайлоодо жеңип, майдан тарта үчүнчү мөөнөт президенттик кылууда.

XS
SM
MD
LG