Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Жапаровдун тарапкерлери жөө жүрүшкө чыкты


Ысык-Көл облусунда Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун камактан чыгарылышын талап кылгандар бүгүн жөө жүрүшкө чыкты.

Кабарчыбыздын айтымында, бир нече күндөн бери ачкачылык жарыялап отурган 24 кишиге дагы отуздай адам кошулуп, ачкачылыгын токтотуп эми Түптөн Балыкчыга чейин бармай болушту. Бирок 8 чакырым жөө басып, Балбай айылына жеткенден кийин кичи автобустарга түшүп, ошону менен Балыкчыга жөнөп кетишти. Эртең Балыкчыдан Бишкекке чыкмай болуп жатат.

Нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын айтымында, жөө жүрүшкө чыккандардын саны 120 адам, алардын арасында Садыр Жапаровдун атасы бар. Ошондой эле көчөдө жумуш издеп тургандар да бар экени, бирок алар бул акцияга өз каалоосу менен кошулганы айтылууда.

3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында Кумтөр маселеси боюнча өткөн митинг парламенттин темир тосмосунан ашып түшүү менен аяктап, бийликти басып алууга аракет болду деген шек менен аталган акциянын айрым катышуучулары УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Алар - оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, митингди алып барган коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев менен “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов жана Камчыбек Ташиевдин эки жансакчысы. Тергөө аяктай элек. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG