Бишкек - Ош жолунун Төө-Ашуудагы участогунда учурда 600дөй унаа тыгында турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлайт.
Кечээ Бишкек - Ош унаа жолунун Жайыл районундагы 124-129-чакырымында калыңдыгы 40 сантиметрлик кар жааган. Оор жүк ташуучу айрым унаалар кыймыл оорлогондуктан жол боюна токтоп, үч катар тыгын пайда болгон. Жол убактылуу жабылып, кечки он бирлерге жакын гана кырдаал жөнгө салынган. Бирок ага чейин Сосновка бекетинде топтолуп калган унаалар жол ачылганда бири-биринен аша айдап, кайрадан тыгын жараткан. Учурда тыгында 600дөй унаа турат. Алардын арасында жол тазалоочу атайын техника да бар. Окуя болгон жерде милициянын жол коопсуздугун камсыз кылуучу 10 кызматкери жүрөт. (RK)