Жалал-Абаддагы кремний иштетүүчү “Кристалл” ишканасы кайрадан аукционго коюлду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменттин башчысы Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, буга чейин заводду сатып алуу убадасын берген австриялык инвестор каржылаган Riche.kg компаниясы өлкөдөгү туруксуздуктан кооптонуп, сатып алуудан баш тарткан.
"Кристалл" ишканасын 7-апрелге чейинки 420 млн. сом карызы үчүн Мамлекеттик мүлк министрлиги банкрот деп жарыяланган. Ишканага ээлик кылган казакстандык компания буга каршылыгын билдирип, сотко кайрылган. Сот да компанияны банкрот деп жарыялоого макул болгон. Мамлекеттин үлүшү жок бул заводдун наркы 6 млн. долларга бааланууда. (BkA)