Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:34

Малала жаткан ооруканадан үч өлкөнүн министрлери кабар алды


Дүйшөмбү күнү Британия, Пакистан жана Бириккен Араб Эмираттарынын министрлери пакистандык окуучу кыз Малала Юсафзай дарыланып жаткан Бирмингэм ооруканасына барышты. Британ тышкы иштер министри Вилям Хейг, Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик жана Араб Эмиратынын тышкы иштер министри шейх Абдулла бин Зайед Бирмингэмдин Падыша Елизавета атындагы ооруканасында Малаланын атасы жана врачтар менен кездешти.

Кыздардын билим алуу укугун коргогон 15 жашар Малаланы Пакистан талиптери Сват өрөөнүндө мектептен үйгө келаткан жолдо атып, оор жарадар кылышкан. 8-октябрдагы кол салуу эл аралык коомчулуктун катуу нааразычылыгын жараткан. Оор жарадар Малала бир нече күндөн кийин Бириккен Араб Эмираттары берген атайын учакта Британияга жеткирилген. Дарыгерлердин айтышынча, окуучу кыз сакайып баратат.

XS
SM
MD
LG