Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Түлеевдин иши боюнча тергөө аяктады


Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынан депутат Нариман Түлеевге карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу Баш прокуратурадан кабарлашты. Кылмыш иштин материалдары айыпталуучу тарапка таанышууга берилди.

Баш прокуратуранын карамагында түзүлгөн мекеме аралык тергөө тобу Түлеевге жана Бишкек шаар башкармалыгынын мурдагы тогуз кызматкерине карата козголгон бир катар кылмыш иштерди тергеп жаткан. Бул иштердин баары бириктирилип, эми чогуу каралмай болууда.

Кылмыш иштин материалдары менен айыпталуучулар беш күндүн ичинде таанышып бүтүшү керек. Андан кийин иш сотко өтөт.

Нариман Түлеев 2008-жылы Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус сатып алууда мамлекеттик акчага кол салган деген айып менен быйыл жайдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG