Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Украин оппозициясы көчөгө чыкты


Киевде оппозициядагы партиялар парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Борбордук шайлоо комиссияснын имараты алдына оппозициянын миңден ашуун тарапкери чогулду. Экс-премьер, азыр абакта жаткан Юлия Тимошенконун “Батьковщина”партиясы, бокс боюнча дүйнө чемпиону Виталий Кличконун УДАР партиясы жана башкалар жаңы парламенттин ишине бойкот жарыялоо мүмкүнчүлүгүн эскертишүүдө. Акыркы санактарга караганда, президент Виктор Януковичтин бийликтеги "Региондор" партиясы 450 орундуу парламенттин 225тен ашуун мандатын утту. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоону Украинадагы демократиянын артка чегинүүсү катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG