Заманбап үлгүдөгү жаңы жол чырак борбор калаанын Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган. Адистердин белгилешинче, жол чырак жолдон өтүп жаткан машинелердин санына жараша кызыл, сары, жашыл жарыктардын күйүү убактысын өзү аныктайт. Мындай жол чырак Жапониянын JICA уюму тарабынан жол кесилиштериндеги кыймылды жөнгө салуу долбоорунун негизинде орнотулду деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.
Жол чыракты ишке киргизүү аземине шаар жетекчиси, Жол-күзөт кызматынын башчысы, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. (ZKo)
Жол чыракты ишке киргизүү аземине шаар жетекчиси, Жол-күзөт кызматынын башчысы, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. (ZKo)