Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы
Сталбек Усубакунов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, айкел тургузуу демилгесин Балыкчы шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Кандыбек Дегенбаев көтөргөн. Айкел 1980-жылы куралдуу кылмышкерди кармоодо каза болгон Кубатбек Ибраевге, издөөдө жүргөн куралдуу кылмышкерлердин колунан каза табышкан Дайырбек Курманалиев менен Мусабай Сариевге тургузулду.
Айкелди тургузууга Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын
кызматкерлери өз ыктыяры менен каражат чогултуп беришкен. Ал эми ички иштер министри Шамиль Атахановдун буйругу менен курман болгон милиционерлердин жесирлерине 30 миң сомдон каражат берилип, облустук ички иштер башкармалыгынан 5 миң сомдон акча, Балыкчы шаардык депутаттарынын атынан бир тоннадан көмүр берилди.(MK)