Ички иштер министрлиги элдеги ок атуучу куралдарды кайтарып алуу боюнча кечээ күндөн тарта жалпы өлкө боюнча кеңири алкактагы “Арсенал” деп аталган иш-чара өткөрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 2 күнгө созула турган иштердин жүрүшүндө кызматкерлер 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жоголгон курал-жарактарды тартип коргоо органдарына тапшырууга элди үгүттөп, өз ыктыяры менен тапшыргандарга сыйлыктар болору убада кылынды.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларында миңден ашык ок атуучу курал-жарак, мындан тышкары көптөгөн ок дарылар элдин колуна өтүп кеткен. Алардын негизги бөлүгү дагы эле элдин колунда кала берүүдө. (ZB)