Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Египетте компаниялардын акциялары кескин арзандап кетти


Өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейткен президент Мохаммед Мурсиге каршы демонстрациялардан улам жергиликтүү компаниялар баалуу кагаздарынын 10% кунун жоготту. Мунун айынан бүгүн эртең менен Каирдеги биржа жарым саатка ишин токтотту.

Египеттин президенти Мохаммед Мурсинин Конституциялык декларацияга киргизген өзгөртүүлөрүнө ылайык  “Мамлекет башчысынын жарлык-чечимдери жана мыйзамдары кайра кароого же талкууга жатпайт, акыркы чечим катары каралып, керек болсо сот да өзгөртө албайт”. Мурси мындай чечимди кабыл алган себебин “революциялык жеңишти коргоо үчүн” деп айткан. Оппозиция лидерлеринин бири, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мохаммед Барадеи президент Мурсини “өзүн Египеттин жаңы фараону атап алды” деп айыптап, элди каршылык иретинде көчөгө чыгууга үндөгөн эле.

Байкоочулар эки күндөн бери уланып жаткан демонстрацияларда президент менен оппозициянын жактоочулары кагылышып кетүү коркунучу бар экенин эскертишүүдө.

 

XS
SM
MD
LG